Заводуңду жап же 10 миң доллар бер! Сузакта кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

© Sputnik / Екатерина Чеснокова / Медиабанкка өтүүХодатайство следствия об аресте водителя автобуса В. Тихонова в Басманном суде
Ходатайство следствия об аресте водителя автобуса В. Тихонова в Басманном суде - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Колго түшүрүлгөн киши эки айга камакка алынды.

БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. ИИМдин Криминалдык милициянын аймактар аралык башкармалыгынын Жалал-Абад облусу боюнча Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери ишкерге бут тоскон уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн кармады. Бул тууралуу облустук милиция кабарлады.

Маалыматка ылайык, окуя 25-май күнү болгон. Бирок опузалоого туш болгон ишкер ал тууралуу эч кимге билдирген эмес.

"Ыкчам маалыматтардын негизинде милиция кызматкерлери жабырлануучу менен жолугуп, арызын алышкан. Анда таш чыгарган заводунда отурган ишкерге Замир аттуу бала келип, сүйлөшүү үчүн Жалал-Абадга алып кеткени жазылган. Ал жакка барган соң жанындагылар менен 10 миң доллар талап кылып, бербесе буту-колун сындырып өлтүрүп коерун айтып коркутушкан. Ошол жерден 30 миң сомун алып, үйүнө алып келгенден кийин 85 миң сом акчасын алып кетишкен", — деп айтылат маалыматта.

Аталган фактынын негизинде Кылмыш жаза кодексинин 170-беренесинин (опузалап акча талап кылуу) негизинде иш козголуп, 18-июнь күнү кылмышка тиешеси бар делген уюшкан топтун мүчөсү колго түшүрүлгөн. Ушу тапта ал эки айга камакка алынып, тергөө амалдары жүрүүдө.

Жалал-Абад облустук милициясы опузалоого туш болгон жарандарды окуя тууралуу өз убагында билдирүүгө чакырат.

Жаңылыктар түрмөгү
0