Милиционердин көзүнчө айдоочу аялды бир чапкан киши изделүүдө

Жазылуу
Окуя 16-июнь күнү Военно-Антоновка айылында болгон.

БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Чүй облустук Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкеринин көзүнчө жаакка жеген айдоочу аял менен аны бир чапкан киши изделип жатканын облустук милиция билдирди.

Эскерте кетсек, 16-июнь күнү Военно-Антоновка айылында жол инспекторунун жанында турган киши аялды бетке чапкан. Анын милиция кызматкери болушу мүмкүн делген божомол айтылган. Окуя видеокамерага түшүп калган.

"Испектордун айтымында, аялга кол көтөргөн киши менен ал тааныш эмес болгон. Бейтааныш адам милиция унаасынын жанында жүрүп, радардын иштегенине кызыгып, инспекторлордун ишине көз салып турган", — деп айтылат маалыматта.

Инспектор Главного управления обеспечения безопасности дорожного движения Бакыт Жукалаев - Sputnik Кыргызстан
Официантка "догурунган" инспектор: ашкананын кызматкерлери кечирим сурады
Иликтөөнүн жүрүшүндө жол инспектору аял киши айдап келе жаткан унааны токтотуп, ал сыртка чыгып, кызматкер менен сүйлөшүп турган. Бир маалда айланчыктап жүргөн киши келип, аял экөө кайым айтыша кеткен. Андан кийин тигил адам аялды бир чапкан.

Облустук милициянын маалымат кызматы инспектор чапкан кишини токтотууга үлгүрбөй калган. Ал окуядан кийин аял унаасын айдап кеткен. Ушу тапта факты боюнча кызматтык териштирүү башталды. Жабырлануучудан арыз түшкөн эмес. Милиция аялды жана ага кол көтөргөн кишини издеп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0