Казак-кыргыз чек арасындагы кырсык. Посттогу аскерди унаа коюп кете жаздады

Жазылуу
Жоокер акыркы мүнөттөрдө машина урунчу жерден качууга үлгүргөн.

БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Социалдык тармакта ак түстөгү жолтандабас чек арадагы көзөмөл өткөрүү пунктун барып сүзүп, аз жерден чек арачыны коюп кете жаздаган видеосу тарады.

Bespredelkg баракчасындагы видеодо окуя Кордай аймагындагы казак-кыргыз чек арасында болгону жазылган.

Видеодо көрүнүп тургандай чек арачы кара түстөгү машинадагылардын документин текшерип жатканда, артынан ак түстөгү жолтандабас келип урунат. Машина дарбазаны келип сүзгөндө, чек арачы артка секирип кеткенге үлгүргөн.

Алдын ала маалымат боюнча окуя чек аранын Казакстан тарабында болгон. Окуянын чоо-жайы териштирилип жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0