Үч унаанын кагышуусунан жабыркаган кыз 2,5 ай комада жатып жан таслим болду

© Фото / Арзымат АлмазбековДТП на пересечении Айтматова и Горького Бишкека
ДТП на пересечении Айтматова и Горького Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
22 жаштагы Каныкей Алмазбекова түнү жумуштан чыгып баратып кырсыкка кабылган. Алган жаракатынан улам эки жарым ай өзүнө келбей жаткан.

БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Үч унаанын кагышуусунан жабыркаган Каныкей Алмазбекова 2,5 ай комада жатып жан таслим болду, Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине кыздын агасы Арзымат Алмазбеков билдирди.

Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын 9-апрелинде түнкү саат 23:40 чамасында Чыңгыз Айтматов проспектиси менен Горький көчөсүнүн кесилишинде Honda Fit, Honda Jazz жана Daewoo Matiz үлгүсүндөгү унаалар кагышкан. Кырсыктын кесепетинен бир аял каза таап, Каныкей ооруканада комага түшүп калган. Ошондон бери өзүнө келбей жатып 19-июнь күнү көз жумган. 

© Фото / предоставлено Арзыматом АлмазбековымҮч унаанын кагышуусунан жабыркаган Каныкей Алмазбекова 2,5 ай комада жатып жан таслим болду
ДТП на пересечении Айтматова и Горького Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Үч унаанын кагышуусунан жабыркаган Каныкей Алмазбекова 2,5 ай комада жатып жан таслим болду

"Карындашым түрк жаранынын кафесинде иштечү. Ал күнү саат 21.00дө жумуш убактысы бүткөндө кетейин десе, жетекчиси суранып 23.00гө чейин алып калган экен. Жумуштан чыкканда аны ошол жетекчиси Honda Jazz унаасы менен алып баратып кырсыктаган. Карындашымдын эки жамбашы, жаагы, төрт кабыргасы сыныптыр. Мээсине да катуу доо кеткен. Тилекке каршы, комадан чыкпай каза болуп калды", — деди Алмазбеков.

Маркумдун агасы ушул күнгө тергөө аягына чыкпай жатканына нааразы. Анын билдиришинче, башында Jazz унаасынын айдоочусу күнөөлүү делип, бир айдай дары-дармегин алып берип жүргөн. Кийинчерээк Matiz унаасынын айдоочусу айыптуу деп табылып, жардам берип турган. Бирок аз убакыттан кийин ал да каралашпай кеткен. Акыры экөө тең соттун чечимин күтөбүз деп байланышты үзүп койгон.

© Фото / Арзымат АлмазбековҮч унаанын кагышуусунан жабыркаган Каныкей Алмазбекова 2,5 ай комада жатып жан таслим болду, Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине кыздын агасы Арзымат Алмазбеков билдирди.
Үч унаанын кагышуусунан жабыркаган Каныкей Алмазбекова 2,5 ай комада жатып жан таслим болду, Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине кыздын агасы Арзымат Алмазбеков билдирди. - Sputnik Кыргызстан
1/2
Үч унаанын кагышуусунан жабыркаган Каныкей Алмазбекова 2,5 ай комада жатып жан таслим болду, Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине кыздын агасы Арзымат Алмазбеков билдирди.
© Фото / Арзымат АлмазбековАнын айтымында, үстүбүздөгү жылдын 9-апрелинде түнкү саат 23:40 чамасында Чыңгыз Айтматов проспектиси менен Горький көчөсүнүн кесилишинде Honda Fit, Honda Jazz жана Daewoo Matiz үлгүсүндөгү унаалар кагышкан.
Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын 9-апрелинде түнкү саат 23:40 чамасында Чыңгыз Айтматов проспектиси менен Горький көчөсүнүн кесилишинде Honda Fit, Honda Jazz жана Daewoo Matiz үлгүсүндөгү унаалар кагышкан. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын 9-апрелинде түнкү саат 23:40 чамасында Чыңгыз Айтматов проспектиси менен Горький көчөсүнүн кесилишинде Honda Fit, Honda Jazz жана Daewoo Matiz үлгүсүндөгү унаалар кагышкан.
1/2
Үч унаанын кагышуусунан жабыркаган Каныкей Алмазбекова 2,5 ай комада жатып жан таслим болду, Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине кыздын агасы Арзымат Алмазбеков билдирди.
2/2
Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын 9-апрелинде түнкү саат 23:40 чамасында Чыңгыз Айтматов проспектиси менен Горький көчөсүнүн кесилишинде Honda Fit, Honda Jazz жана Daewoo Matiz үлгүсүндөгү унаалар кагышкан.

"Бул аралыкта каражаттан аябай кыйналып кеттик. Кан сатып алып жана кымбат дарылар керектелип жатты. Айлабыз кеткенде мечиттерге барып, кайыр суроого туура келди. Тергөөчүдөн дайын жок, аны өзүбүз издеп, телефон чалып ишти сурайбыз. Jazz унаасында карындашым менен кошо түрк жаранынын апасы каза болгон. Ал айдоочу Түркияга кетип калыптыр. Ал эми Matiz айдоочусу "күнөөлүү ошол болчу, өзүнөн сурагыла" деп жатат", — деди агасы.

Бишкек шаардык милициясынын маалымат кызматынын жетекчиси Адыл Оморов Jazz унаасынын айдоочусу Кыргызстандын эле жараны экенин белгилеп, ал өлкөдөн чыкпаганын айтууда. Ал эми кырсыктан бир ай өткөндөн кийин, 10-майда 281-берене менен кылмыш иши козголгонун билдирди.

Абактагы адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бурулайды милиция бөлүмүндө бычактады делген киши абакка киргизилди
"Honda Jazz унаасы Daewoo Matiz менен кагышкандан кийин Honda Fit машинасын сүзгөн. Шектүү катары Matiz унаасынын 29 жаштагы айдоочусу Т.А. Свердлов райондук сотунда баш коргоо чарасы каралып 19-майда тергөө абагына эки айга камалган. Алдын ала маалымат боюнча дал ошонун эреже бузуусунан кырсык келип чыккан. Jazz унаасын түрк улуттундагы Кыргызстандын жараны башкарып бара жаткан", — деди Оморов.

Ошондой эле ал ишти Мидин Тыныстамов аттуу тергөөчү карап жатканын кошумчалады. Чогулган материалдар ушул айдын аягына чейин сотко жиберилиши мүмкүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0