Сууга түшүү. Архивдик сүрөт

Өткөн дем алышта өлкө боюнча төрт киши сууга чөгүп кетти

140
(жаңыланган 21:55 25.06.2018)
Кырсыктын бары жекшемби күнү болгон.

БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Дем алыш күндөрү Чүй облусунда эки, Ысык-Көл облусунда эки киши сууга чөгүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, 24-июнда Бишкектин Свердлов районунда Чоң Чүй каналына 42 жаштагы киши чөгүп кеткен. Куткаруучулар ошол эле күнү маркумдун сөөгүн таап, милиция кызматкерлерине өткөрүп берген.

Ушул эле күнү Чүй облусунун Аламүдүн районунда 17 жаштага бала Энергетик дачасындагы көлмөгө чөгүп кеткен. Сөөктү куткаруучулар тапкан.

Жекшемби, 24-июнда, Ысык-Көл облусунда да эки кырсык катталды. Куткаруучулар Тоң районунун Бөкөнбаев айылындагы Кекилик пляжында чөгүп кеткен 16 жаштагы баланын сөөгүн суудан алып чыгып, туугандарына тапшырган.

Экинчи каргаша Ысык-Көл районундагы Чок-Тал айылында болгон. "Лазурный Берег" пансионатында чөгүп кеткен 24 жаштагы тургундун сөөгүн да куткаруучулар тапкан.

140
Белгилер:
чөгүп кетүү, Ысык-Көл, Чүй району, Кыргызстан
Тема боюнча
Сууга түшүү учурунда 9 "болбойт"
Сууга байланыштуу 11 "болбойт"
Индияда үч киши өз ажалын видеого тартып алган
Медиктер сөөктү алып кетүүдө. Архивдик сүрөт

Коронавирустан бир суткада үч киши каза болду, бири медик

235
(жаңыланган 10:14 03.06.2020)
Каза болгондордун баары эркек кишилер. Көз жумган медицина кызматкери апрель айынан бери пневмония дартына чалдыккандарды дарылап келген.

БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Өткөн суткада өлкө ичинде коронавирустан үч киши каза болду. Алардын бири медик. Бул тууралуу брифинг учурунда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

“Ош облустук бириктирилген ооруканасында каза болгон бейтаптар 59, 55 жаштагы эркек кишилер. Үчүнчүсү Нарын облустук ооруканасында дарыланып жаткан. Ал 84 жашта болгон”, — деди Үсөнбаев.

Жалпы каза болгондордун саны 20 кишини түздү.

235
Белгилер:
өлүм, Кыргызстан, коронавирус
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Кыргызстанда бүгүн 26 адам коронавирус жуктурганы белгилүү болду
Эркек кызды чачынан тартып жатат. Иллюстративдик сүрөт

1000 сомдун айынан ажал таап... Аялын өлтүргөн эркекке өкүм чыкты

152
Үй-бүлөдөгү чырга эркек кишинин катып койгон акчасынын табылбай калышы себеп болгон. Аял оорукананын жандандыруу бөлүмүндө тогуз күн жатып кайтыш болгон.

БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Жарандык никедеги аялын өлтүргөн эркек киши 7,5 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Жогорку соттун расмий сайтында жарыяланды.

Өкүмгө ылайык, окуя Чүй облусундагы шаарлардын биринде болгон. Үйгө мас болуп келген айыпталуучу келинчеги менен урушуп, аны катуу сабап койгон. Чыр-чатактын келип чыгышына үй ээсинин дасторкон астына катылган 1000 сомун таппай калганы себеп болгон.

Сот отурумунда шектүү күнөөсүн толук мойнуна алып, төмөндөгүдөй көрсөтмө берген:

"Ал күнү аялым экөөбүздүн тең арактан башыбыз ооруп турган. Мен андан мурда берген акчаны жана короого коюп койгон жезди сурасам жок деп жооп берген. Ачуум келип аны бир жолу эле бетке чаап жатып алгам. Бир аз убакыт өткөндөн кийин таанышым келип 500 сомго кык жүктөшүп койчу дегенинен ошол жакка кеткем. Кайра келсем аялым короодо жатыптыр, байкасам жүрөгүнүн согушу сезилбейт. Дароо дарыгерлерди чакырткам", — деген ал.

Баш мээси катуу жабыркаган аял оорукананын жандандыруу бөлүмүндө тогуз күн жатып кайтыш болгон.

Сот айыпталуучуну 7,5 жылга эркинен ажыратып, 90 миң сом айып салды.

152
Белгилер:
Өлтүрүү, адам, кылмыш, өкүм, сот, Кыргызстан
Тема боюнча
Балта менен коркутуп аялыма арак алдырайын дегем... Марттагы соттук өкүмдөр
Интернеттен жигит болуп таанышып, жолукканда кызды бычактаган аялга өкүм чыкты
Чоң жетиликтин жыйыны. Архив

Россияны Батыш капканына түшүрүү аракети жасалып жатабы? Саресеп

0
(жаңыланган 14:20 03.06.2020)
Азыр Батыштын Россияга муктаж чагы. Убакыт өткөн сайын бул даана байкала баштайт. Бирок бул ойду батышчылар гана эмес, батыш лидерлеринин өздөрүнүн да кабыл алышы кыйын.

Россия менен болгон мамилелерде оюн тартибин жана күн демин ушул тапта Батыштын аныктай албай калышына моюн сунуу да аябагандай татаал экенин, бул атлантикалык дүйнөнүн артта калганын айгинелейт деген пикирин билдирет саясий серепчи Петр Акопов. Анын бул туурасындагы макаласы биздин өнөктөш РИА Новости агенттигине жарыяланган.

Апта башында Трамп Путинге телефон чалып, батыш клубуна кошулууга чакырган. Быйыл АКШ президенти "Чоң жетиликтин" жыйынын уюштурмак, ал мурда июнга белгиленген. Бирок Трамп европалык лидерлердин баары Кошмо Штаттарга келүүгө даяр эместигинен улам (мисалы, Меркель) аны сентябрга жылдырууну ойлонууда. Ошентип, АКШ президенти Россияны батыш столуна кайтаруу зарылдыгы тууралуу өзүнүн эски оюн ишке ашырууну көздөөдө. Былтыр эле Квебектеги "Чоң жетиликтин" саммитинин алдында Трамп бул жөнүндө айткан, бирок италиялык премьерден башкасы аны ачык колдогон эмес. Бул ирет Трамп башка тараптан жол издөөнү чечкен көрүнөт. Өткөн дем алышта ал учакта аны коштоп барган журналисттерге "Чоң жетилик" эскиргенин айтты.

"Менимче, "Чоң жетилик" дүйнөдө болуп жаткан окуяларды туура чагылдырып жаткандай эмес". Ошондуктан жолугушууну сентябрга чейин жылдыруу, анда Кытайдын келечегин Си Цзиньпин менен эмес, Путин менен талкуулаган оң, Россияны, аны менен Түштүк Корея, Австралия жана Индияны кошо чакырып, "Колубузда эмне бар, өлкөлөрдүн жакшы тобу?" дегиси бар өңдөнөт. Трамп тарабынан дүйнөнүн негизги коркунучу деп белгиленген Кытайды талкуулоо, Россияны кайтаруу демилгеси бардык жагынан укмуш. Башкача айтканда, качантан бери эле Трамп үндөп келе жаткандай, Россия менен элдешүү - аны менен биргеликте Кытай менен күрөшүүгө киришүү дегендик.

Муну айрым америкалык стратегдер эбактан бери колдоп келет. Ал эми Россия бул "сайранга" кошулууга ынтызарбы? Же кошулбай кайда барат дешеби? Кытай экспансиясынан чочулоосу бар, аны кылдаттык менен жашырып келет. Анан калса орус каймактары да батыш менталитетин сиңирип алган, "дүйнөлүк лидерлер" клубуна кайтууну да самайт. Көйгөйдүн баары азыр биз, тагыраак, Батыш Путинге май токочтон көп карматкан жокпузбу, антпесе орустар өздөрүн жеңүүчү сезип алышпасын. Май токоч менен эле эмес, кызыл камчыны да колдонуу керек, ошондо эч кайда кете албайт. – Кызык, бирок ушундай картина батыш стратегдеринин эле эмес, айрым россиялык талдоочулардын да оюнда.

Россия өз алдынча эч нерсе кыла албайт, Батыш менен араздашып кеткенибизден улам гана Кытай менен жакындаша баштадык. Эгер азыр конфронтация аяктаса, биздин антиулутчул каймактар дароо Батыштын кенже өнөктөштөрүнүн ролуна кайтышат деген өңдүү ойлор россиялык коомдо сейрек эмес. Ошондуктан "Чоң жетиликтин" эч кандай чакыруусун Россия кабыл албоого тийиш! Россияны өз каймактары сатып кетет деп эмес, чындап эле кабыл албоо үчүн башка себеп да бар. Путин россиялык элитанын курамын эле эмес, ой-таламын да олуттуу түрдө өзгөрткөн. Россияны 90-жылдардагыдай Батышты үлгү жана ага окутуучу катары көргөн адамдар башкарарын, ал эми орустар европалык цивилизациянын ийгиликсиз бутагы катары эсептегендер кыял дүйнөсүнөн чыга албай келет.

Элитаны таптоо жана улуттук аң-сезимди калыптандырууда Россиянын көйгөйү толтура. Бирок РФ жетекчилигинин өз алдынчалыгынан, улуттук кызыкчылык деген эмне экенинен, тарыхты жана географияны, башкача айтканда, геосаясатты жакшы билеринен, дүйнөлүк аренада өз оюнун жүргүзүп жатканынан шек санап болбойт. Көп айлампадан турган стратегиялык оюнду жүргүзөт, кырдаал жана курчаган жагдай алмашат, бирок максат өзгөрүүсүз калат. Күчтүү, жетиштүү, цивилизациялуу Россия XXI кылымда дүйнө тартибин аныктай турган күч борборлорунун бири катары чыгат.

Россия өз максатына жетүү үчүн Батышка ыктоого тийишпи? Жок, ал түгүл тактикалык оюн да россиялыктарга зыян келтириши мүмкүн. СССР ыдырагандан бери Батыш чабуулун эч токтоткон эмес. Колу көз артканынын баарына, акыры Украинага чейин жеткен. Постсоветтик мейкиндикте компромисстин болушу мүмкүн эместиги түшүнүктүү: Украинаны атлантикалаштыруу, аны Батыштын геосаясий талаасына бекитүү мүмкүн эмес жана талкуулоого да жатпайт. Бирок андан да маанилүүсү – өзү кааласа да, Россия кайсы Батышка ыктайт? Бирдиктүү Батыш азыр жок, анын кыйроо процесси бир нече жылдан бери уланып келет жана россиялык кызыкчылыктарга толук шайкеш. РФ Батыштын курамдык бөлүктөрү – айрым европалык өлкөлөр жана жалпы Евробиримдик (бирок качан ал геосаясий өз алдынчалыкка ээ болгон соң) менен да, ал тургай антиглобалисттик Америка менен көпүрө кура алат.

Атлантикалык Батышка карата Россиянын стратегиясы жөпжөнөкөй: Батыш үстөмдүгүнүн жүз жылдыктары аяктап барат, ал эми атлантикалык дүйнөнүн ордун тынчокеандык жана евразиялык дүйнө басат. Россия Батыш менен араздашканы үчүн Чыгыш жана Түштүккө да көңүл бурганы жок, мындай кадамдарды ал тарых жана геосаясаттын мыйзамдарын түшүнгөнүнөн улам жасоодо.

"Чоң жетиликтин" алдан тайганына бир топ болду, Трамп анын барагын жөн эле жаап кое албайт. Кайра шайланып келсе да, ал акырындап эки ача жолго түшкөн тараптардын мамилесин териштирүү аянтчасына айлана баштайт. Крымдан кийин Батыш тарабынан тоңдурулган "Чоң жетилик" (башкача айтканда, Россиянын катышуусундагы вариант) принцибинде кайра калыптана албайт. Бул жылдар аралыгында Россия Кытай менен стратегиялык альянсын бекемдеши да буга себеп эмес. Батыш Россия менен биргеликте дүйнөдөгү оюн эрежелерин аныктай албайт, анүчүн бардык негизги оюнчулар да катышууга тийиш. Албетте, Кытай менен Индия, Түштүк-Чыгыш Азиянын өкүлдөрү болгон аймактык интеграциялык союздар, араб дүйнөсү, Түштүк Америка, Африка да орун алууга тийиш. Буга эң жакын формат — "Чоң жыйырма". Аймактык союздаштардын өкүлдөрүн (анүстүнө Евробиримдик да ага эбак кирген) кошуп, аны жакшыртуу гана зарыл. Анын ордуна Трамп "Чоң жетилик" менен "Чоң жыйырманын" ортосундагы 11 өлкөдөн турган жыйын курууну сунуштоодо. Эгер G-11 менен G-20 жыйындарын салыштырсак, анын курамында Кытайдан башка дагы ким орун албайт? Кытайды тыш калтыруу үчүн ушунун баары жасалып жатпайбы. Трампты бул маселеде сылыктык менен токтотуш кыйын. Саммиттин кожоюну катары кимди чакырышты чечүүгө акысы бар. Путиндин катышуусуна макул болбогон Улуу Британия же Германиянын каршылыгын да эске албай коюшу мүмкүн. Себеби бул – "Чоң сегизди" калыптандыруу эмес, тек гана кеңейтилген курамдагы жолугушуу. Бирок, албетте, Владимир Путин кандай форматта болбосун, ал түгүл "Чоң сегизди" кайра түзүүгө чакырса да, "Чоң жетилик" жолугушуусуна катышпайт. 2014-жылы батыш лидерлери Россияда өтө турган кезектеги саммитке келүүдөн өздөрү баш тарткан. Эгер Путин тарабынан январда эле сунушталган "Беш үлкөн" жыйынын топтой алса, анда баары бир күздүн биринчи айында Нью-Йоркто быйылкы жылдын маанилүү саммити болушу ажеп эмес. БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөлөрү болгон беш өзөктүк державанын лидерлеринин сүйлөшүүлөрү тарыхта биринчи ирет өтмөк.

Аны адегенде Бириккен Улуттар Уюмунун мааракелик сессиясынын ишинин башталышына туш келтирүү, тагыраак, сентябрдын ортосуна белгилөө пландалган. Бирок Кытайга америкалык лидердин асылууларынын күч алышы көп тараптуу форматта болсо да, Трамп менен Си Цзиньпиндин сүйлөшүү мүмкүнчүлүгүн азайтат. Ошентсе да быйыл алар баары бир жүз көрүшөт. Анткени "Чоң жыйырманын" саммити Сауд Аравиясында ноябрда өтөт. Эгер шайлоодон жеңип чыга алса, каршылаштары анын жеңишин тааныса, Трамп ага кайрадан шайланган президент катары катыша алат.

Ал эми Путин менен Си ал убакка чейин бир нече ирет эки тараптуу жолугушат. Миң жылдык Россия менен үч миң жылдык Кытай башка бир катар маселелердин арасында, албетте, Американын келечегин да талкууламакчы...

0
Белгилер:
Дональд Трамп, мамиле, Евробиримдик, Батыш, капкан, Кытай, Россия, АКШ
Тема боюнча
Россия АКШнын Ачык асман боюнча келишимден чыгуу ниетин сынга алды
1945-жылы согушту АКШ менен Британия жеңген деген Ак үйгө Россия жооп кайтарды