Россияда өрттөлгөн келин ымыркайын айылга жөнөтүп, ишке жаңы эле чыккан. Чоо-жайы

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүРоссиянын өрт өчүрүү кызматкерлери. Архив
Россиянын өрт өчүрүү кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түгөйлөр үч жашар уулун жана жети айлык кызын тарбиялап жаткан.

БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Россияда белгисиз кишилер тарабынан өрттөлгөн келин окуядан бир саат мурун күйөөсү менен чырдашкандыктан полиция андан шектенип жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине маркумдун күйөөсүнүн досу Кубан Карыпов билдирди.

Анын айтымында, жубайлар 23-июнда туугандары менен шерине өткөрүп үйүнө кеч келишкен.

"Шерине учурунда экөөнүн ортосунда пикир келишпестик жаралган экен. Ал жактан келгенден кийин түнкү саат 12лерде келинчеги жумушка кеткен. Иштеген дүкөнү үйүнүн жанында эле болгон. Күйөөсү артынан барып чырдашып, кайра үйүнө кеткен. Андан бир саат өткөндөн кийин эле дүкөндөн өрт чыккан. Экөөнүн чырын коңшу дүкөндүн сатуучулары көргөндүктөн "күйөөсү келип өрттөшү мүмкүн" деп көрсөтмө беришиптир", — деди Карыпов.

Москванын чок ортосунда автоунаа жөө адамдарды сүзүп кеткен 28 жаштагы кыргызстандык Чыңгыз Анарбек уулу - Sputnik Кыргызстан
Эки кызын эки жакка калтырган. Москвада кырсыктаган таксисттин апасы жана жакындары
Белгилей кетсек, окуя 24-июнга караган түнү саат 2.30дар чамасында Ленинград облусунун Киров районундагы Шлиссельбург шаарында (Санкт-Петербург шаарынан 50 чакырым алыста) болгон. Ал учурда кыргызстандык келин азык-түлүк саткан дүкөндө 19 жаштагы кайниси менен иштеп жаткан. Белгисиз кишилер өрт койгондо жигит качып чыгууга жетишкен. Учурда анын денесинин 80 пайызы күйүк алып ооруканада жатат. Ал эми келин ошол жерде жан берген. Полиция буга шектүү катары анын күйөөсүн кармады.

"Окуя учурунда досубуз үйүндө уктап жаткан. Күйүк алган жигит менен досубуз ага-ининин балдары. Иниси тез жардамда бара жатып "дүкөнгө беткапчан эки киши келип бензин чачып өрттөп ийди" деп айтыптыр. Ал күнү "Алые паруса" (бүтүрүүчүлөрдүн майрамы — ред.) болгондуктан ичимдик сатууга тыюу салынган. Ушундан улам мындай ишке ичимдик сурап келгендер барышы мүмкүн деген божомол бар. Өрттөнгөн дүкөндү көрүп келдик, эч нерсеси калбаптыр", — деди Карыпов.

Каза болгон келин 27, күйөөсү 34 жашта. Түгөйлөр жети жылдан бери Россияда эмгектенип, бир уул, бир кызды тарбиялап жаткан.

"Досум тоок фабрикасында бир нече жылдан бери иштечү. Анын көмөгү менен ал жерге көптөгөн кыргызстандыктар жумушка орношту. Ал 24-июнда өзүнүн туулган күнүнө чакырып жаткан. Экөө тең эле ачык мүнөз адамдар эле. Үч жашар уулун бала бакчага берчү. Жети айлык кызын 10 күн мурда Кыргызстанга чоң ата, чоң энесине жиберип, аяшыбыз жумушка орношкон. Ага чейин эки жылдай иштеген эмес. Кызы салмагы 1,700 грамм, алты айлык болуп төрөлгөн. Мындан улам үч ай вакуумда жаткан. Чыккандан кийин өзү төрт ай карап торолтуп анан айылга жөнөттү эле", — деди ал.

Кипрде каза тапкан кыргызстандыык Садыр Алымбековдун атасы Алымбек Баатырбеков жана апасы Рима Баатырбекова - Sputnik Кыргызстан
Кипрден ажал тапкан Садырдын ата-энеси: уулумду 8 жолу бычактап, ыргытып ийишкен
Учурда маркумдун сөөгүн мекенине жиберүү үчүн мекендештер каражат чогултууда. Карыпов окуя болгондон бери элчиликтин же консулдуктун кызматкерлери алардан кабар ала электигин кошумчалады.

Ал эми Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин маалымат кызматы азыркы тапта бул боюнча тактоо иштери жүрүп жатканын билдирди.

Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аталган аймактан өрт тууралуу билдирүү түнкү саат 2.19да түшкөнүн тастыктаган. Өрт жарым сааттын ичинде толугу менен өчүрүлгөн. Жалын 32 чарчы метр аянты жалмаганы айтылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0