Исфанада депутаттын көмүрканасынан героин табылды

© Sputnik / Стрингер / Медиабанкка өтүүГероин. Архив
Героин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлү баңгизат сатууга тиешеси бар адам катары милициянын каттоосунда турган.

БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Баткендин Исфана шаарында шаардык кеңеш депутатынын көмүр сактаган кампасынан героин табылганын Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, тийиштүү кызматкерлер тарабынан ири өлчөмдө баңгизат ташылган каналды жана ага тийиштиги бар адамдарды аныктоо боюнча атайын операция өткөрүлгөн.

"Түшкөн маалыматтан улам 24-июнь күнү баңгизат сатууга тиешеси бар адам катары милициянын каттоосунда турган шаардык кеңештин 55 жаштагы тургуну кармалган. Тинтүү учурунда көмүрканасынан таңгакталган 960 грамм героин алынган", — деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0