Кыздарды жолугушууга чакырып телефондорун уурдап жүргөн шылуун кармалды

© AFP / NICOLAS ASFOURIТелефон кармап турган кыз жана бала. Архив
Телефон кармап турган кыз жана бала. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азырынча шектүүгө карата бир эле арыз түштү.

БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Бишкекте кыздардын телефонун алып качууга шектелип бир киши кармалды. Бул тууралуу ШИИББден маалымдашты.

19-май күнү Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгына жабырлануучу кыз кайрылган. Ал Samsung Galaxy S7 үлгүсүндөгү уюлдук аппаратын жигитке алдырып жибергенин билдирген.

"Колго түшүрүлгөн киши кыздар менен социалдык тармактар аркылуу таанышып, кийин аларды жолугушууга чакырып турган. "Бирөөгө телефон чалып алайын" деген шылтоо менен кыздардын уюлдук аппаратын алып изин жашырып турган", — деп айтылат маалыматта.

26 жаштагы шектүү соттуне чечим менен эки айга убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

ШИИБдин маалыматына караганда, мындай окуялар бир нече ирет болгон. Тергөө амалдары жүрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0