Молдовановкадагы абакка нашаа киргизүүгө аракет кылган киши кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековКомплекс корпусов для содержания заключенных ПЛС в Молдовановке
Комплекс корпусов для содержания заключенных ПЛС в Молдовановке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эми кылмышка тиешеси бар башка адамдар да изделүүдө.

БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) Чүйдүн Аламүдүн районундагы Молдовановка айылындагы №1 абакка белгисиз киши нашаа ыргытып кармалганын билдирди.

Милиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
ШИИБ: баңгизатын колдонду делген телеканалдын редактору милиционерди коюп кетти
Алдын ала маалымат боюнча баңгизаттын көлөмү 23,68 граммды түзөт. ЖАМКтын тергөө башкармалыгы тарабынан Кылмыш жаза кодексинин 247-беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, натыйжада мурда соттолуп чыккан 39 жаштагы жаран колго түшүрүлгөн.

Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту кармалган кишини №1 тергөө абагында кармоо чечимин чыгарды. Эми кылмышка тиешеси бар башка адамдар да изделүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0