Суучул издөө иштери учурунда. Архив

Бишкек менен Жалал-Абадда сууга чөгүп кеткендер табыла элек

135
(жаңыланган 17:35 28.06.2018)
Кырсыктагандардын бири чоң киши болсо, бири беш жаштагы наристе экени айтылды.

БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Турусбеков көчөсүндөгү Чоң Чүй каналына 25-июнда чөгүп кеткен 38 жаштагы жаран табыла элек. Куткаруучулар издөө иштерин бүгүн дагы улантат. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Достук айыл аймагынын Кызыл-Туу айылынан 5 жашар кыз 27-июнда "Достук" каналанын жээгинде ойноп жатып чөгүп кеткен.

Маалыматка ылайык, куткаруучулардын издөө иштеринен майнап чыга элек.

135
Белгилер:
чөгүп кетүү, Чоң Чүй каналы, Жалал-Абад облусу, Бишкек
Тема боюнча
Өткөн дем алышта өлкө боюнча төрт киши сууга чөгүп кетти
Сактанганды сактайт! ӨКМ сууга түшүүдөгү коопсуздук эрежелерин айтып берди
Афган күчтөрү Кундуз провинциясындагы согуш талаасында

ЖМК: талибдер Тажикстан менен чектешкен аймакты басып алды

52
(жаңыланган 16:21 23.06.2021)
Афганистан бийлигинин 134 жоокери куралдуу кагылышка туруштук бере албай калгандыктан Тажикстандын аймагына кире качууга аргасыз болушкан.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. "Талибан"* согушкерлеринин кыймылы Афганистандын түндүгүндөгү маанилүү аймактардын катарына кирген Кундуз провинциясын көзөмөлдөп, анын борборун курчоого алды. Бул тууралуу Аль-Жазира телеканалы жергиликтүү бийлик органдарына шилтеме берип кабарлады.

ЖМКнын маалыматына караганда, бул провинция үчүн согуштук аракеттер жекшемби күнү башталып, дүйшөмбүдө талибдер райборборду басып алышкан. Кийинчерээк алар Кундуз провинциясындагы Афганистан менен Тажикстандын ортосундагы башкы чек ара өткөрмөсүн ээлеп алышкан.

"Тилекке каршы, бүгүн эртең менен талибдер Шир-Хан портун, шаарды жана Тажикстан менен чектешкен жердеги бардык постторду басып алышты", — деди провинция кеңешинин мүчөсү Халиддин Хакми.

Бул маалыматты талибдердин өкүлү Забиулла Муджахид дагы тастыктады. Анын айтымына караганда, учурда талибдер Шерхан-Бандар менен Кундуздагы чек ара өткөрмөлөрдүн бардыгын көзөмөлдөп жатат.

Ал эми Тажикстандын УКМКсынын Чек ара кызматы 22-июнь күнү Афганистан Ислам Республикасынын 134 жоокери куралдуу кагылышка туруштук бере албай "Пяндж" чек ара отрядынын төртүнчү заставасы аркылуу Тажикстандын аймагына киргенин кабарлады. Тажик чек арачылары афган жоокерлерин тоскоолдуксуз өткөргөн.

"Тажикстан менен Афганистандын чек ара линиясындагы абал чыңалып турат. Акыркы 10 күн аралыгында Афганистандын Тажикстан менен чектешкен жерлеринде өкмөттүк жана "Талибан" кыймылынын күчтөрү кагылышты", — дешти Тажикстандын УКМКсынан.

Акыркы маалыматтар боюнча, афган жоокерлеринин төртөө жарадар болуп, бирөө каза тапкан. Ал эми Шерхан-Бандарда талибдер тарабынан өлтүрүлүп жана туткунга алынгандардын саны жүздөп саналат.

* Кыргызстанда, Россияда жана башка бир катар мамлекеттерде ишмердүүлүгүнө тыюу салынган экстремисттик уюм

52
Белгилер:
чек ара, Тажикстан, согуш, Талибан, Афганистан
Тема боюнча
АКШ Кабулду Түркияга табыштады... Талибдер кандай кабылдайт?
Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал. Чыгымдын так суммасы жарыяланды
Бүтүрүүчү кыз мектепте. Архив

Кеминдеги бүтүрүүчү кыздын өлүмү. Министрлик ата-энелерге кайрылды

552
(жаңыланган 16:07 22.06.2021)
Мектеп администрациясы берген мүнөздөмө боюнча, киши колдуу болгон кыз токтоо, эмгекчил, эч ким менен урушпаган адам болчу. Окууга жоопкерчиликтүү мамиле кылганы да айтылды.

БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлиги ата-энелерге кайрылуу жасап, ар түрдүү кырсыктарды алдын алуу үчүн балдарына көз салып, аларды көзөмөлдөөгө чакырды.

Ведомство №1 Кемин орто мектебиндеги 9-класстын бүтүрүүчү кызынын өлүмү боюнча тынчсыздануусун билдирген. Мектеп администрациясы берген мүнөздөмө боюнча, ал токтоо, эмгекчил, эч ким менен урушпаган кыз болчу. Окууга жоопкерчиликтүү мамиле кылганы да айтылды.

"Каргашалуу окуяга байланыштуу Билим берүү жана илим министрлиги ата-энелерге кайрылып, балдарды ар кандай кырсыктардан алып калуу үчүн жайкы каникул учурунда аларга тыкыр көңүл бурууга чакырат", — деп жазылат кайрылууда.

Эске салсак, бүтүрүүчү кыз 21-июнда өлтүрүлгөн. Ал мектепти бүткөндүгү тууралуу күбөлүктү алуу үчүн эртең менен үйдөн чыгып кеткен. Саат 11лер чамасында коңшусунун телефонунан чалып, анын үйүндө сугат иштери бүткөндөн кийин келерин кабарлаган. Ошол бойдон үйүнө барган эмес.

Кийин кылмышка шектелип мурда ээнбаштык жана алдамчылык фактылары менен бир нече жолу соттолгон 42 жаштагы киши кармалган. Колго түшүрүлгөн киши кызга асылып, аны зордуктоого аракет кылганын, бирок кыз кыйкырып жардам сурай баштаганда коркуп кетип муунтуп салганын айткан. Кийин сөөгүн токойго жеткирүү үчүн башка коңшусунун автоунаасын алганы маалым болду.

552
Белгилер:
зордуктоо, өлүм, бүтүрүүчү, Билим берүү министрлиги, Кемин
Тема боюнча
УКМКнын мас кызматкерлери эс алуучуларды сабаганбы? 
Май куюп жаткан автоунааны "минип" калган Lexus. Кырсыктан кийинки видео
Россия президенти Владимир Путин. Архив

Путин: туруктуулук үчүн саясий эрк жана компромисс зарыл

0
(жаңыланган 17:13 23.06.2021)
СНВ-3 келишими 2011-жылдын 5-февралында күчүнө кирген. Анын шарты боюнча тараптар өзүнүн өзөктүк арсеналын кыскартып, тийиштүү көлөмдө кармап турушу керек.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Стратегиялык туруктуулук жаатында ийгилик жаратуу үчүн саясий эрк жана компромисске баруу жөндөмү керек. Бул тууралуу Россия президенти Владимир Путин эл аралык коопсуздук боюнча Москва конференциясында сүйлөп жатып айтты.

РФ лидери өлкө буга чейин коопсуздуктун жаңы механизмин иштеп чыгууну сунуштаганын эске салды.

"Система стратегиялык туруктуулукка таасир тийгизе турчу бардык факторлорду камтышы керек. Саясий эрк жана компромисске бара билүү жакшы натыйжасын берерине ишенебиз", — деди Путин.

Анын айтымында, буга Россия менен АКШнын стратегиялык жана чабуул коюучу куралдын (СНВ-3) көлөмүн 2026-жылга чейин кыскартуу тууралуу келишиминин узарышы ачык далил.

Белгилей кетсек, СНВ-3 келишими 2011-жылдын 5-февралында күчүнө кирген. Анын шарты боюнча тараптар өзүнүн өзөктүк арсеналын кыскартып, тийиштүү көлөмдө кармап турушу керек. Башкача айтканда, жети жылдан кийин жана андан аркы убакытта континенттер аралык баллистикалык ракеталардын, суу алдындагы бомбардировщиктердеги баллистикалык ракеталардын саны 700дөн ашпашы керек. Мындан тышкары, снаряддын атылуучу бөлүгү 1500, атылуучу түзүлүштөрдүн саны 800дөн көп болбошу шарт.

Келишим максатына жетип, тараптар арсеналын тийиштүү көлөмдө кармап турат. 2021-жылдын башында, бийликке Жо Байден келери менен, макулдашуу эч өзгөрүүсүз дагы беш жылга узартылды. Буга чейин администрация келишимди узартууну маалкатып, бүтүндөй стратегиялык туруктуулук системасына коркунуч жаратып келди.

0
Белгилер:
система, курал-жарак, коопсуздук, конференция, Владимир Путин
Тема боюнча
Путиндин макаласы: өткөнгө карап кылчактай бербей, ачык болуш керек
Путин менен Байдендин жолугушуусунан кийин дүйнөлүк саясат кандай өзгөрөт
Путин белгисиз жоокердин мүрзөсүнө гүл койду. Видео