Агасы инисинин сууга акканын жашырып, аны белгисиз кишилер уурдап кеткенин айткан

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүЖара в Новосибирске
Жара в Новосибирске - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Балдардын ата-энеси каналдагы сууга түшүүгө тыюу салган.

БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Ошто тогуз жаштагы бала жети жаштагы инисин уурдап кетти деп калп айтканын шаардык милициядан билдиришти.

Ага ылайык, балдардын ата-энеси ""Амир-Тимур кичирайонундагы каналга түшүүгө тыюу салган. Бирок балдар аны укпай каналга барып түшүп, жети жаштагы бала сууга агып кеткен.

Окуя 28-июнда болгон.

"Балдардын улуусу ата-энесинен коркуп чындыкты айтпай, инисин кара түстөгү Mercedes менен келген сакалчан кишилер уурдап кетти деп айткан. Качан гана ата-энеси жана милиция аны менен сүйлөшкөндө чындыкты айтып берген", — деп айтылат билдирүүдө.

Милиция, куткаруучулар жана жергиликтүү тургундар баланы издеп жатат. Ал тирүү болушу мүмкүндүгүн милициядан кошумчалашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0