Бишкекте курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн өрт чыкты

© Sputnik / Сергей Савостьянов / Медиабанкка өтүүӨрт өчүрүү кызматкерелри. Архив
Өрт өчүрүү кызматкерелри. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тилсиз жоону өчүрүүгө үч бригада тартылган.

БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Борбор калаанын Ахунбаев менен Абай көчөсүндө жаңы салынып жаткан көп кабаттуу турак үйдүн 13-кабатында өрт чыккан. Бул туурасында ӨКМден билдиришти.

Тилсиз жоону өчүрүүгө үч бригада тартылып, өрт саат 16.19да чектөөгө алынган.

Буга чейин да кырсык болуп, Бишкектеги ресторандын жарымынан көбү күйүп кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0