Шадиевге карата үчүнчү кылмыш иши козголууда

Жазылуу
Эл өкүлүнө буга чейин эки берене боюнча иш козголгон.

БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Аскарбек Шадиевге карата Кылмыш жаза кодексинин 183-беренеси ("криминалдык жол менен табылган каражатты мыйзамдаштыруу") боюнча дагы кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, кылмыш иши өткөн жума күнү ачылган.

Эске салсак, Шадиевге буга чейин Кылмыш жаза кодексинин "Кызматынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү" боюнча кылмыш иши козголгон болчу. 

Акыркы маалыматтар боюнча учурда Шадиев АКШнын Нью-Йорк шаарына учуп кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0