УКМК: Шадиевдин бүлөсү мүлкүнүн бир бөлүгүн иш козголгонго чейин сатып ийген

© Фото / пресс-служба ЖКДепутат ЖК Аскарбек Шадиев
Депутат ЖК Аскарбек Шадиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Качып кеткен депутатка карата үч кылмыш иши козголгон.

БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Жогорку Кеңештин "Бир Бол" фракциясынан депутат Аскарбек Шадиев жана жакындары мүлкүнүн бир бөлүгүн кылмыш иши козголгонго чейин, тагыраагы, 28-апрелге жетпей сатып, башкаларга каттатып коюшкан. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Иликтөөнүн жыйынтыгында депутаттын кайсы мүлкү камакка алынганы айтылат.

УКМКнын маалыматына караганда, мүлктү сатыкка коюу 11-апрелде, депутаттын банктагы эсептери камакка алынганда башталган.

Депутат ЖК Аскарбек Шадиев - Sputnik Кыргызстан
Үй, унаа, фирмалар. Шадиевдин УКМК камакка алган мүлкүнүн тизмеси жарыяланды
Шадиев 6-апрель күнү кызматтан кетүү боюнча арызын жазган. Анын жумуштан кетүүсүнө Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коопсуздук жана коргонуу комитетинин бөлүм башчысы Арсен Закиров алып алды делген 2 миллион сомго байланыштуу козголгон кылмыш иши себеп болгон.

Ал эми 1-июнь күнү УКМК Шадиев 27-апрель күнү Баткен облусуна тууганын акыркы сапарга узатуу иш-чарасына катышканы барып, андан ары чек арадан мыйзамсыз өтүп кеткенин билдирген. Депутат дипломаттык паспортун пайдалануу менен Худжант — Москва каттамы менен учуп, андан соң АКШнын Нью-Йорк шаарына бет алганы белгилүү болгон.

Андан кийин Шадиевге каршы чек араны мыйзаймыз өтүү жана "криминалдык жол менен табылган каражатты мыйзамдаштыруу" беренеси менен кылмыш иши козголду.

Жаңылыктар түрмөгү
0