Тажикстанда ымыркайдын мурду менен төшүнөн он ийне алынды

© AFP / JOEL SAGETЫмыркай. Архив
Ымыркай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Баланын энеси бир ийнени наристенин тишинин бүлөөсүнөн тапкан.

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Тажикстандык дарыгерлер тогуз айлык ымыркайдын денесинен 10 ийне алышты. Бул тууралуу Sputnik Тажикстан маалымат агенттиги кабарлады.

Новорожденный ребенок - Sputnik Кыргызстан
Өзбекстанда денесинен 16 ийне табылган ымыркай ооруканадан чыгарылды
Текшерүүнү Душанбе шаарындагы Улуттук медициналык борбордун дарыгерлери жасаган. Рентген ийне ымыркайдын башында, мурдунда, бутунда, мойнунда, төшүндө жана башка жерлердинде бар экенин көрсөткөн.

Айрым ийнелер денеге тереңдеп кирип кеткендиктен дарыгерлер биринчи операцияда алты гана ийнени алышкан. 4 ийне ымыркайдын денесинен азыркыга чейин алына элек.

Аял дарыгерлерге уулунун тишинин бүлөөсүнөн ийне тапкандан кийин кайрылган. Эне-бала дароо ооруканага жаткырылган. Операцияга чейин ымыркайдан бир жери ооруп жаткандай белгилер байкалган эмес. Дарыгерлердин айтымында, эгер бала ийнени жутуп алган болсо ал ички органдарды жабыркатмак.

Маалыматта наристенин атасы эмгек миграциясында экени, ал эми энеси аны жалгыз багары айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0