Милиционерлер менен кагышуудан каза болгон эне-бала. ИИМ окуяны иликтей баштады

© Sputnik / Табылды КадырбековИИМ кызматынын автоунаасы. Архив
ИИМ кызматынын автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсыктан 21 жаштагы келин жана анын бир жашар кызы каза тапты.

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. ИИМдин ички иликтөө кызматы милиционерлердин катыштыгы менен болгон жол кырсыкта апасы менен кызы каза тапкан окуяны териштире баштады. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине аталган кызматтан кабарлашты.

Жол кырсыгы 1-июль күнү Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун 85-чакырымында болгон.

ЖКККББнын алдын ала маалыматына караганда, Toyota Avensis унаасынын айдоочусу уктап кетип, карама-каршы тилкеге чыгып кеткен. Мындан улам эки жол инспектору келе жаткан BMW унаасын сүзгөн.

"Toyota Avensis унаасынын эки жүргүнчүсү: 21 жаштагы келин жана анын 2017-жылы туулган кызы каза болгон. Унаанын айдоочусу менен башка эки жүргүнчүсү жаракат алган. Ал эми кызматтык унаасын айдап келе жаткан милиция кызматкери оор абалда жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Кесиптеши дагы жабыр тарткан", — деп айтылат билдирүүдө.

Иликтөө иштери башталып, тийиштүү экспертизалар жүргүзүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0