Лейлектеги жарылуу: май куюучу жай менен кошо 10 унаа күйүп кетти

© Sputnik / Владимир Федоренко / Медиабанкка өтүүТушение пожара на крыше дома.
Тушение пожара на крыше дома. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өрт өчүрүүчүлөр тилсиз жоо менен 9 саат алышты. Жалынды өчүрүүгө тажикстандыктар да тартылды.

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Лейлек районундагы Бешкен айыл аймагына караштуу Жаштык айылында жайгашкан май куюучу жайдан чыккан өрт станцияны толугу менен жалмап кетти. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Эскерте кетсек, кырсык 4-июль күнү кечинде болгон. Өрттү өчүрүүгө Тажикстандын да үч өрт өчүрүүчү бөлүмү тартылган. Тилсиз жоо саат 22:40дарда чектөөгө алынып, 5.25те толугу менен өчүрүлгөн. 

© © видео очевидца, отправленное по WhatsApp-каналуТажикстан менен болгон чек арадагы катуу жарылуу. Май куйган бекет өрттөнгөн видео
Тажикстан менен болгон чек арадагы катуу жарылуу. Май куйган бекет өрттөнгөн видео - Sputnik Кыргызстан
Тажикстан менен болгон чек арадагы катуу жарылуу. Май куйган бекет өрттөнгөн видео

"Өрттүн кесепетинен май куюучу станциянын кеңсеси, беш фура, эки газ ташуучу унаа, эки Sprinter, бир жеңил унаа күйгөн. Мындан сырткары, бир кыргызстандык, үч тажикстандык жаран жабыркаган. Өрттөн жабыркаган 55 жаштагы кыргызстандык киши Кулунду айылындагы ооруканага жаткырылды", — деп айтылат билдирүүдө.

Ушу тапта өрттүн себеби жана материалдык чыгымдар такталып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0