Көлдө 13 жашар кыздын экинчи ирет зордукталышынан атасы сактап калды

© AFP / GREG BAKER Секс-магазин в Китае
Секс-магазин в Китае - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шектүү жашы жете элек кызды унаасына алдап отургузуп зордуктоого аракет жасаган.

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Жети-Өгүз районунда 42 жаштагы киши 13 жаштагы кызды алдап унаасына отургузуп зордуктоого аракет жасаган. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИББден маалымдашты.

Билдирмеге караганда, окуя 2-июлда болгон.

"Милицияга арыз менен кыздын атасы кайрылып, 42 жаштагы киши анын кызын унаасында зордуктоого аракет кылып жатканын көрүп калганын билдирген. Ал унаадан кызын алып чыгып качып кеткен. Көрсө 42 жаштагы киши кызга балмуздак сатып берип, дагы бир ирет төшөк мамилесин талап кылган", — дешти милициядан.

Абак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Зордуктоого шектелген ММА мушкери менен кылмыштуу топтун мүчөсү камакка алынды
Жабырлануучу кыз 1-июнь күнү үйдө жалгыз отурганда ал киши күч колдонуу менен зордуктаганын айтып берген. Укук коргоо органдарынын алдын ала маалыматы боюнча шектүү киши кыз менен атасы ижарага алып жашап жаткан үйдүн ээсинин баласы болуп эсептелет.

42 жаштагы адамды укук коргоо органдарынын өкүлдөрү тез эле колго түшүргөн. Учурда ал камакка алынып, Кылмыш жаза кодексинин 129-беренесинин 3-бөлүгү (жашы жете элек кызды зордуктоо) боюнча кылмыш иши козголду.

Жаңылыктар түрмөгү
0