Озерное айылында 5 жашар баланы ЗиЛ тебелеп кетти

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүАйдоочу. Архив
Айдоочу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алдын ала алынган маалыматтарга караганда, айдоочу баланын жолго чуркап чыга калганын көрбөй калган.

БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Чүй облусунун Озерное айылында ЗиЛ автоунаасынын айдоочусу 5 жашар баланы тебелетип алды. Бул туурасында Чүй облустук милициядан кабарлашты.

Алардын маалыматына караганда, кырсык Фрунзе көчөсүндө кечинде болуп, бала чарчап калган. 

"Озерное айылынын 38 жаштагы тургуну баланын көчөгө чуркап чыга калганын байкабай калган", — деп айтышты милициядан. 

Бул факты боюнча Кылмыш Кодексинин 281-беренесине ылайык иш козголгон. Топтолгон материалдар Аламүдүн районунун тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп, зарыл делген экспертизалар дайындалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0