Ала качып, зордукталган өспүрүм. Чүйдүн айылындагы окуя

Жазылуу
Күйөө болчу жигит ала качкан кызы кетип калбасын деген зордуктаган

БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Чүй облусунун Степное айылында жергиликтүү тургун 15 жашар кызды ала качып кетип, зордуктаган. Бул туурасында облустук милициядан кабарлашты.

Маалыматтарга караганда, окуя 7-июлда болгон.

"Милицияга кыздын атасы 7-июлда кызын уурдап кеткендигин айтып, арыз жазган. Киши ага карата чара көрүүнү суранган", — деп айтылат билдирүүдө.

Случаи педофилии в индийском городе Нью-Дели - Sputnik Кыргызстан
Бала зордуктагандарды кантиш керек? Дүйнө өлкөлөрүнүн колдонгон жазасы
Жайыл райондук ИИБдин криминалдык милициясы окуя болгон жерге дароо барып, кызды ким ала качкандыгын таап чыккан. 23 жаштагы киши кармалып, райондук убактылуу кармоочу жайга жеткирилген. Кылмыш кодексинин 129 жана 154-беренесинин негизинде иш козголгон.

Sputnik Кыргызстан агенттигине Жайыл райондук милициясындагы маалымат булагынын айтымында, кыз ата-энесине ала качып кеткен киши аны зордуктап салгандыгын айткан.

Чүй облустук милициясынан бул кылмыш боюнча тиешелүү соттук-медициналык экспертиза дайындалгандыгын билдиришти.

Бүгүн чаламандын чак түшүндө саат 14:00дөр чамасында да Сокулук районунда базарда 10 жаштагы тестиер зордукталганды маалым болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0