Тазалык ишканасынын кызматкерлери. Архив

Бишкекте "Тазалыктын" кызматкерлерин "селсаяк" деп мазактап, сабап кетишти

565
(жаңыланган 21:24 12.07.2018)
Милиция окуянын чоо-жайын териштирип жатат.

БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Бишкекте "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлерин белгисиз төрт жаран "селсаяк" деп мазактап, бирөөсүн сабап кетишти. Бул тууралуу ишкананын маалымат катчысы Жибек Каракеева Фейсбук баракчасына жазды.

Каракеева окуя Лущихина көчөсүндө болгонун айтат.

"Биздин балдар контейнерлердеги таштандыгы чыгарып жатышкандыктан бир аз күтө тургула азыр кетебиз дешкен. Эки жигит таштанды чыгарган автоунаанын айдоочусун четке алып чыгып, дагы эки бала таштанды жүктөп жаткан кызматкерди муунтуп, таш менен чабышкан", — деди Каракеева.

Ал ошондой эле окуя боюнча милицияга арыз жазышканын жана жүктөгүч кызматкер ооруканада экенин жазды.

Шаардык милиция окуя болгонун тастыктап, териштирүү жүрүп жатканын маалымдашты.

565
Белгилер:
арыз, милиция, "Тазалык" ишканасы, Бишкек
Тема боюнча
Акча таап бербесең өлтүрөм! Өз энесин ур-токмокко алган киши камакка алынды
Бишкекте топтошкон балдар мушташты. Видео
Пикирлер