Денежные купюры

Прокуратура: Бажы кызматы мамлекетке 3 млн. сомдон ашык зыян келтирген

75
(жаңыланган 15:52 13.07.2018)
Башкы прокуратура менен УКМК мындан бир нече жыл мурда Бажы кызматы ири суммадагы акчаны мыйзамсыз пайдаланганын аныктап чыкты.

БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Башкы прокуратура Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы жооптуу жетекчилерине карата мамлекетке ири өлчөмдө каражат жагынан зыян келтиргени үчүн кылмыш ишин козгоду. Бул туурасында башкы көзөмөл органынан кабарлашты.

"Мамлекеттик бажы кызматынын жооптуу жетекчилерине карата Кылмыш кодексинин 304-беренесинин ("Кылмыш абалынан кыянаттык менен пайдалануу") негизинде иш козголду", — деп айтылат маалыматта.

Башкы прокуратура УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы менен биргеликте аталган мекеменин ири суммадагы акчаны мыйзамсыз пайдаланганын таап чыккан.

"2014-жылдын август айында Бажы кызматынын экс-төрагасынын буйругунун негизинде аталган кызматта иштегендерге 2014-жылдын II кварталы үчүн 3 303 964 сом сыйлык мыйзамсыз төлөнүп берилген", — деп билдирди маалымат кызматы.

Кылмыш иши УКМКнын тергөө башкармалыгына өткөрүп берилди.

75
Белгилер:
пайдалануучу, акча, Мамлекеттик бажы кызматы, УКМК, Башкы прокуратура
Тема боюнча
Атайын эсепке УКМК да каражат которду
Коррупциялык акча үчүн ачылган эсепке ушу тапта 39 млн. сом түштү
Пикирлер