БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Өлкө аймагындагы аптаптуу аба ырайынан улам сууга түшүп чөгүп кеткен жарандар көп катталууда.
ӨКМдин маалыматы боюнча 12-июлда Ош шаарынын Төлөйкөн айылындагы Араван каналына 27 жаштагы киши чөгүп кеткен. Аны издөөгө 17 куткаруучу тартылып, маркумдун сөөгүн милицияга өткөрүп беришкен.11-июлда болсо Ноокаттын Көк-Жар айылындагы Найман суу сактагычына 18 жаштагы бала чөгүп кетип, бир күндөн кийин сөөгү табылып, туугандарына өткөрүп берилген.
Ал эми 10-июлда Бишкек — Ош автожолунун 105-чакырымында Жайыл районундагы Кара-Балта суусуна Honda Fit автоунаасы түшүп кетип, 26 жаштага жаран сууга агып кеткен. 12 куткаруучу тартылып, ушу кезге чейин изделип жатат.
Чүй облусунун Аламүдүн районундагы көлмөлөрдүн биринде 15 жаштагы бала сууга чөгүп кетип, куткаруучулар тарабынан сөөгү табылып, милицияга өткөрүп берилген.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Улуттук коопсуздук комитети Жогорку соттун Сот департаментинин статс-катчысы К.С.А. кармалганын билдирди. Атайын кызматтын маалыматы боюнча, ал коррупциялык схемаларды түзгөн деп шектелүүдө.
Мекеменин сайтында Калмаков Сталбек Аманатович статс-катчы экени көрсөтүлгөн.
Бирок, маалым болгондой, айтылган программалар Сот департаментинин алдындагы "Адилет сот" маалыматтык технологиялар башкармалыгынын адистери тарабынан буга чейин эле иштелип чыгып, жүзөгө ашырылган.
"Ага карабай Соттук департаменттин кызмат адамдары IT-компаниялар менен өз ара келишимге барышып, мурда эле иштелип чыгып жүзөгө ашырылып жаткан программаны иштеп чыгуу үчүн жалган келишим кабыл алышкан. Ал эми бөлүнгөн каражатты кымырышкан", — деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.
УКМК, ошондой эле, IT-компаниялардын бири жергиликтүү сот тутумун иштеп чыгуу жана жайылтуу боюнча башка кылмыш ишинде каралып жаткандыгын, анын соттолуучусу Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева экендигин билдирди.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Оштун Кара-Суу районундагы Жоош айыл аймагынын Маданият айылында мектеп толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Өрт кечээ, 2-март күнү, саат 18:28дер чамасында чыккан.
Анда Султанов көчөсүндөгү №42 орто мектебинин жыгач устундуу шифер жабылган 262 чарчы метр чатыры жана 212 чарчы метр ички жасалгасы күйгөн.
Окуя болгон жерге үч өрт өчүрүү бөлүмү тартылып, саат 20:15те тилсиз жоо толугу менен өчүрүлгөн.
Учурда кырсыктын себеби такталууда.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Бейшемби күнү өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир аймактарда 14 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Талас жергесинде +9...+14 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +10...+15, Ысык-Көлдө +3...+8, ал эми Нарын аймагында -1...+4 градуска чейин жылуу болору айтылды.
Борбор калаада күн ачык болуп, күндүн табы +12...+14 градуска чейин көтөрүлсө, Ош шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, +13...+15 градус жылуу болот.