Бишкекте бетон аралаштыргыч менен жеңил автоунаа кагышты. Сүрөт

© © фото очевидца, отправленное по WhatsApp-каналуДТП с бетономешалкой в Бишкеке
ДТП с бетономешалкой в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсыктан үч киши жабыркаган.

БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Бишкекте бетон аралыштыргыч менен жеңил автоунаа кагышканын күбө Sputnik Кыргызстан агентигинин WhatsApp номери аркылуу билдирди.

Анын айтымында, бетон аралаштыргыч менен автомектептин жеңил автоунаасы кагышкан.

"Бетон аралаштыргыч жеңил машинага жол бошотуп бербей койгон окшойт", — деди күбө.

Бишкек — Нарын жолунда жүк ташыган эки автоунаа кагышып, бирөө өрттөнүп кетти. Видео - Sputnik Кыргызстан
Бишкек — Нарын жолунда жүк ташыган эки автоунаа кагышып, бирөө өрттөнүп кетти. Видео
Бишкек шаардык милициясы жол кырсыгы бүгүн, 13-июлда саат эртең мененки жетилер чамасында Лев Толстой менен Курманжан датка көчөлөрүнүн кесилишинде катталганын тастыктап, жеринде инспекторлор иштеп жатканын айтты.

"Жол кырсыгына катышкан бетон аралаштыргыч  техника окуя болгон жерден кетип калыптыр. Азыр милиция аны издеп жатат. Кырсыктан үч киши жабыркаган. Бирөө оор жаракат алып ооруканага жаткырылды. Эки киши жеңил жаракат алган", — деп милициядан маалымдашты.

Учурда жол кырсыгына кабылган машиналардын үлгүсү аныкталууда жана жол кырсыктын чоо-жайы иликтенүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0