Ысык-Көлдө этнофестиваль учурунда бүркүт кызга кол салды

Жазылуу
Бүркүттөрдү кое берген учурда чыга калган 11 жашар кыз жабырланган.

БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Тоң районунда өтүп жаткан этнофестивалдагы салбуурун учурунда бүркүт кызга кол салды. Бул туурасында белгилүү режиссер Эрнест Абдыжапаров Sputnik Кыргызстандын кабарчысына айтып берди.

Анын айтымында, окуя мындан бир нече мүнөт мурда болду.

"11 жаштагы кыз жабыркады, ал фестивалды уюштуруучулардын биринин сиңдиси экен. Бүркүттөрдү кое берген учурда, ошол жердеги талаадан чыга калды. Жырткыч куш аны карап турган окшойт кызды көздөй тап берди. Бактыга жараша, кыз көмкөрөсүнөн жыгылып түшүп, бетин жапканга үлгүрүп, бүркүт далысын чапчып алыптыр. Мүнүшкөрлөр дароо жетип барып, кушун ала коюп, ошол жердегилер Тез жардам чакырды. Кыздын далы жагы жабыркаптыр, бирок дарыгерлер өтө оор эмес, ден соолугуна кооптуулук жок дешти. Азыр таңып берип жатышат ", — деди режиссер.

Ал кызды алып бара турган ооруканага ата-энесин чакыртышканын айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0