Кара-Балта суусуна кулаган унаадан агып кеткен киши бир жумадан бери изделүүдө

© Sputnik / Павел Петров / Медиабанкка өтүүСууга чөккөн авто. Архив
Сууга чөккөн авто. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык болгон жерден 26 жаштагы жаран сууга агып кеткени айтылган.

БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Мындан бир жума мурда жол кырсыгына кабылып Кара-Балта суусуна агып кеткен кишинин сөөгү табылбай жатат. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Бишкек — Нарын жолунун 44 чакырымындагы айланма жолдо Mercedes-Benz унаасы аласалып, ичиндеги үч киши каза тапканын Чүй облустук милициясы билдирди - Sputnik Кыргызстан
Токмокко жакын жерде унаа аласалып үч киши мүрт кетти. Жүрөк үшүн алган сүрөт
Белгилей кетсек, 10-июлда Бишкек — Ош унаа жолунун 105-чакырымында Honda Fit унаасы жолдон чыгып кетип, Кара-Балта суусуна кулап түшкөн. Кырсык болгон жерден 26 жаштагы жаран сууга агып кеткени айтылган.

16-июль күнү аны издөөгө ӨКМдин  5 куткаруучусу тартылып, натыйжа болгон эмес. Издөө иштери бүгүн да улантылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0