Көргөндөр барбы? Сокулукта 10 жашар кызды зордуктаган кишинин фотороботу

© AFP / SAKIS MITROLIDISМужчина сидит на железнодорожных путях около греко-македонской границы
Мужчина сидит на железнодорожных путях около греко-македонской границы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
10 жашар кыз 10-июль күнү Сокулук айылында зордукталган.

БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Укук коргоочулар Сокулук айылында 10 жашар кызды зордуктады делген жарандын фотороботун түздү. Бул тууралуу Чүй ОИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.

Эске салсак, 10-июль күнү Сокулук айылындагы базарда 10 жашар кыз зордукталган. Анын кийими жарым-жартылай чечилип ыйлап отурганын жолдо өтүп бараткан аял көрүп калган. 

© © пресс-служба ГУВД Чуйской областиУкук коргоочулар Сокулук айылында 10 жашар кызды зордуктады делген жарандын фотороботун түздү
Фоторобот мужчины, изнасиловавшего 10-летнюю девочку в Сокулуке - Sputnik Кыргызстан
Укук коргоочулар Сокулук айылында 10 жашар кызды зордуктады делген жарандын фотороботун түздү

Кийин Чүй ОИИБинин кызматкерлери базардагы көзөмөл камераларынан алынган маалыматтар жана жабырлануучунун өзүнүн айтымы боюнча шектүүнүн фотороботун түзүштү.

Өзгөчө белгилери:

Азиат тегиндеги жашы 30-40тын ортосундагы эркек киши. Арык чырай, кара-тору, бою болжол менен 165-170 сантиметр. Чачы кара, кээ бир үстүңкү тиштери жок. Үстүндө кызыл футболка, кара спорттук шым, бутунда кочкул жашыл сланцы.

Жаңылыктар түрмөгү
0