Бишкекте жоголгон 14 жаштагы баланы милиция издеп жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековДежурная часть в отделении милиции.
Дежурная часть в отделении милиции. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Табылбай жаткан баланын бою 150-155 сантиметр.

БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Бишкек шаарында 26-июндан бери дайынсыз болгон 14 жаштагы Тешебаев Бекзат Шералиевич изделип жатат. Бул тууралуу шаардык милициядан кабарлашты.

Ага ылайык, Тешебаев 26-июнда Чыңгыз Айтматов проспектисинде жайгашкан "Кан борборунан" чыккан боюнча табыла элек. 

© Фото / Пресс-служба ГУВД города БишкекДайынсыз жоголгон Бекзат Тешебаев
Без вести пропавший Бекзат Тешебаев - Sputnik Кыргызстан
Дайынсыз жоголгон Бекзат Тешебаев

Өзгөчө белгилери: бою 150-155 сантиметр, чачы күрөң, кой көз. Үстүнө кызыл түстөгү чатыраш көйнөк, көк түстөгү джинсы чолок шым, өңү жашыл-көк күрмө, көк түстөгү бут кийим кийген.

Биринчи Май райондук милициясы эгер баланын жүргөн жерин билгендер болсо (0701) 41-19-79, (0550) 102-486, (0555) 75-79-55, (0550) 102-170 же "102" номери аркылуу кабарлап коюуну суранат.

Жаңылыктар түрмөгү
0