Бишкек — Ош жолунда кырсыктап сууга агып кеткен кишинин сөөгү табылды

© Sputnik / Первенцев / Медиабанкка өтүүГорная река Ала-Арча
Горная река Ала-Арча - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол кырсыгына кабылып сууга агып кеткен киши бир жумадан бери изделип жаткан.

БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Кара-Балта суусуна агып кеткен кишинин сөөгү табылып, милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. Бул туурасында ӨКМден билдиришти.

Жол кырсыгына кабылып сууга агып кеткен киши бир жумадан бери изделип жаткан.

"17-июль күнү издөө иштерин жүргүзүү үчүн ӨКМден жалпы жонунан 45 куткаруучу тартылган. Натыйжада саат 15.38де жарандын сөөгү суудан табылды", — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 10-июлда Бишкек — Ош унаа жолунун 105-чакырымында Honda Fit унаасы жолдон чыгып кетип, Кара-Балта суусуна кулаган. Кырсык болгон жерден 26 жаштагы киши сууга агып кеткени айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0