Бишкекте жүк ташыган машина менен суу ташыган автоунаа кагышты. Сүрөт

© Sputnik / Табылды КадырбековРабота сотрудников патрульной милиции
Работа сотрудников патрульной милиции - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Күбө жол кырсыгынан олуттуу жаракат алгандар жана каза болгондор жок экенин кошумчалады.

БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Бишкектеги Байтик баатыр менен Аалы Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишине жакын жерде эртең мененки саат 10:00дөр чамасында жүк ташыган автоунаа менен суу ташыган машина кагышты. Бул тууралуу күбө Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, Токомбаев менен бараткан жүк ташуучу автоунаанын артынан келе жаткан суу ташыган унаа ага барып урунган. 

© © фото очевидца, отправленное по WhatsApp-каналуДТП водовоза и фуры в Бишкеке
ДТП водовоза и фуры в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
ДТП водовоза и фуры в Бишкеке

"Мен коомдук транспорт менен бараткам. Бир нерсенин кагышканын уктук. Карасам эле суу ташыган автоунаа жолдон чыгып, трассанын ортосундагы чөп өскөн жерге чыгып калыптыр. Жүк ташыган машинага кум же шагыл жүктөлгөн окшойт", — деди ал.

Күбө жол кырсыгынан олуттуу жаракат алып, каза болгондор жок экенин кошумчалады.

Ал эми шаардык милиция кырсык болгон жерде инспекторлор иштеп жатканын билдирип, суу ташыган унаанын айдоочусу жеңил жаракат алганын маалымдады. Жабырлануучу ооруканага баруудан баш тарткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0