Ошто унаа бакты сүзүп, бир адам мерт болду

© Sputnik / Александр Кондратюк / Медиабанкка өтүүМашины скорой помощи в Челябинской области
Машины скорой помощи в Челябинской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жабырлануучу менен маркумдун тек-жайы такталууда.

БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Ош шаарындагы Шакиров көчөсүндө Hyundai Porter унаасынын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып бакты сүзгөн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Кырсыктын кесепетинен айдоочу жабыркап, жүргүнчү аял каза тапкан. Учурда алардын тек-жайы такталууда.

Куткаруучулар каза болгон адамдын сөөгүн унаадан чыгарып ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен, ал эми айдоочу Тез жардам кызматы аркылуу ооруканага жеткирилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0