Чүй милициясынын мурдагы башчысын бычактады деген жубайы үй камагына чыгарылды

© AFP / JOHAN ORDONEZАрест по обвинению в вымогательстве и убийстве в Гватемале
Арест по обвинению в вымогательстве и убийстве в Гватемале - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Нурлан Сарчаев айыпкерге доосу жоктугун билдирген.

БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Чүй облустук милициянын мурдагы башчысы Нурлан Сарчаевди бычактады деген аялы соттун чечими менен үй камагына чыгарылды. Бул туурасында Жогорку соттун маалымат кызыматы кабарлады.

Бишкектин Свердлов райондук соту 19-июлда экс-началниктин бычакталышы боюнча ишти карап, шектелип жаткан М.Б. аттуу жарандын баш коргоо чарасын тандаган.

"Айыпкер Бишкек шаарында туруктуу жашай турганын, буга чейин кылмыш жоопкерчилигине тартылбаганын, эки, үч жана 14 жаштагы үч баласы бар экенин, ошондой эле жабырлануучу Нурлан Сарчаевдин доосу жоктугун эске алуу менен сот аны тергөө бүткөнгө чейин (эки ай) үй камагына чыгарды", — деп жазылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Нурлан Сарчаев Жайыл районундагы милиция бөлүмүндө 19 жашар кыздын бычакталышына жол берген кызматкерлерге карата иликтөөнүн натыйжасында 4-июнда кызматтан алынган болчу. 

Жаңылыктар түрмөгү
0