Жекшемби күнү эле пансионаттардын аймагында 3 киши чөктү. Экөөнүн сөөгү табыла элек

Жазылуу
Чөккөн адамдардын арасында 16 жаштагы өспүрүм жана 71 жаштагы аксакал бар.

БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Кыргызстанда кечээ, 22-июль күнү алты адам сууга чөккөнүн ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Кырсыктар Бишкек, Чүй, Ош жана Ысык-Көл облустарында катталды.

"Сокулук районунда саат 14.39да 32 жаштагы эркек көлмөгө чөккөн. Жерине барган ӨКМдин 14 куткаруучусу анын сөөгүн тапкан жок, издөө иштери бүгүн улантылат. Ошондой эле Алай районунун Тулпар-Көл суу сактагычына 16 жаштагы бала чөккөн. Издөө иштери уланууда", — деп айтылат билдирүүдө.

Маркум журналист Улан Эгизбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Журналист Улан Эгизбаев киши колдуу болдубу? Милициянын билдирүүсү
Бишкек шаарындагы Бейшеналиева менен Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде саат 20.25тер чамасында Ала-Арча дарыясына белгисиз эркек киши түшүп кеткен, анын сөөгүнөн дагы азырынча дайын жок.

Ал эми Ысык-Көл облусундагы Кара-Ой айылындагы пансионаттардын биринде 37 жаштагы киши тумчугуп, куткаруучулар анын сөөгүн 17.08де суудан алып чыгышкан. Ошол эле облустун Чолпон-Ата шаарында 71 жаштагы аксакал сууга чөктү. Сөөгү ошол замат табылган.

Эске салсак, жекшемби күнү көл жээгиндеги пансионаттардын биринде "Азаттык" үналгысынын журналисти Улан Эгизбаев чөгүп кетип, каза тапкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0