Улан Эгизбаевдин денесинде шектүү тактар болгонбу? ИИМдин жообу

© Фото / из личного архива Улана ЭгизбаеваЖурналист радио "Азаттык" Улан Эгизбаев
Журналист радио Азаттык Улан Эгизбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн ИИМдин алты айлык ишмердигинин жыйынтыгы боюнча маалымат жыйын өттү.

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Ысык-Көлдө каза болгон "Азаттыктын" журналисти Улан Эгизбаевдин денесинен шектүү тактар табылган жок. Бул туурасында ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын башчысы Нурбек Абдиев билдирди.

ИИМдин алты айлык ишмердигинин жыйынтыгы боюнча маалымат жыйын учурунда "Улан Эгизбаевдин денесинде шектүү тактар болгонбу?" деген суроо узатылды. Абдиев 23-июлда жасалган экспертизанын жыйынтыгы Эгизбаевдин өпкөсүнө суу кетип каза болгонун көрсөткөнүн маалымдады.

"Анын денесинен күч колдонулган тактар табылган жок", — деди Криминалдык милиция кызматынын башчысы.

Ысык-Көл. Архив - Sputnik Кыргызстан
Улан Эгизбаевге жардамга 15 мүнөттөн соң келишкенби? "Акун" пансионатынын жообу
Ошондой эле ал окуя болгон жердин айланасындагы видео байкоолордун баары чогултулуп, күбөлөрдөн көрсөтмө алынганын кошумачалады. Мындан сырткары, мурдараак журналистке келген бош кат дагы тергөөдө текшерилери айтылды.

22-июлда Ысык-Көлдөгү "Акун" пансионатынын аймагында журналист Улан Эгизбаев сууга чөгүп каза болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0