Баткенден "Талибан" кыймылынын мүчөсү кармалганы кабарланды

© Sputnik / Табылды КадырбековАрест подозреваемого в преступлении в КР
Арест подозреваемого в преступлении в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал Өзбекстан — Кыргызстан — Тажикстан — Афганистан багыты менен Афганистандагы согушкерлердин лагеринен даярдыктан өтүү үчүн бара жаткан.

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Баткен облусунда Афганистанга террордук актыларды жасоо үчүн даярдыктан өткөнү кетип бара жаткан өзбекстандык жаран кармалды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

ИИМден УКМКга аны "Талибан" кыймылынын өкүлү деген маалыматты берген.

2018-жылдын 15-июлунда ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөш боюнча Баткен облустук башкармалыгынын кызматкерлери О.П. аттуу жаранды кармаган.

"Ал Өзбекстан — Кыргызстан — Тажикстан — Афганистан багыты менен Афганистандагы согушкерлердин лагеринен даярдыктан өтүү үчүн бара жаткан. Максаты — Сирияга кетип, өкмөттүк аскерлер менен согушуу болгон", — деп билдиришти УКМКдан.

Баткендин аймагынан өтүп бара жатканда текшергенде Өзбекстан атуулунун жанынан араб тилиндеги адабияттар жана анын электрондук түрү, жылуу кийим-кече, фонарик, азык-түлүк жана башка буюмдар табылган.

Алынган материал УКМКнын Баткен облустук башкармалыгына өткөрүп берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0