Сокулукта сууга чөгүп кеткен уланды жергиликтүү эл таап чыкты

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүXXXI летние Олимпийские игры в Рио-де-Жанейро
XXXI летние Олимпийские игры в Рио-де-Жанейро - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя кечээ, 24-июлда болгон.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Сокулук районунда Романовка айылындагы көлмөгө 18 жаштагы улан чөгүп кетти. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Окуя кечээ, 24-июлда болгон. Куткаруучулар тартылып, таба албай коюшкан.

"Маркумдун сөөгүн кечки саат 22:00гө чукул жергиликтүү тургундар тапкан", — деп билдирди ӨКМден.

Жайдын бул күндөрү сууга чөгүп каза тапкан фактылар арбын болууда. Кыргызстанда 22-июль күнү эле алты адам сууга чөккөнүн ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0