Ысык-Көлдөгү өрт. Тилсиз жоо 1 миң чарчы метрди жалмап кетти

© © Фото очевидца, отправленное по WhatsApp-каналуПожар в коттедже в одном из пансионатов Иссык-Куля
Пожар в коттедже в одном из пансионатов Иссык-Куля - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өрт шаршемби күнү кечинде башталган.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Кожояр айылындагы коттедж толугу менен күйүп, от 1 миң чарчы метрди жалмап кетти. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Кожояр айылындагы пансионаттын аймагындагы коттеджди тилсиз жоо толугу менен жалмап кетти. - Sputnik Кыргызстан
Коттеджден эч нерсе калган жок. Ысык-Көлдөгү өрттүн видеосу
Эске салсак, шаршемби күнү саат 18.24тө Кожояр айылындагы пансионаттардын биринде өрт чыккандыгы тууралуу маалымат ӨКМге түшкөн.  Кийин анын кесепетинен үч адам ооруканага жеткирилгени кабарланган

Маалыматка караганда, өрт толугу менен 26-июль күнү түнкү саат 01.15те өчүрүлгөн.

Ал үчүн атайын үч унаа, ӨКМдин төрт куткаруучусу, милиция жана Тез жардам кызматы тартылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0