Караколдо дүкөндөрдөн телефон уурдап жүргөн деп 21 жаштагы кыз кармалды

© AFP / JOHAN ORDONEZАрест по обвинению в вымогательстве и убийстве в Гватемале
Арест по обвинению в вымогательстве и убийстве в Гватемале - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кылмыш жаза кодексинин 164-беренеси (уурулук) менен кылмыш иши козголду.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Каракол шаарындагы дүкөндөрдөн уюлдук телефондорду уурдап жүргөн деп шектелип, 21 жаштагы кыз кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициянын маалымат катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.

Милицияга шаардын "Ак-Тилек" базарынын ичинде жана жакын жерде жайгашкан соода түйүндөрүндө иштеген ишкерлер Samsung Galaxy үлгүсүндөгү үч телефон жоголуп кеткендиги боюнча азырданышкан.

"Укук тартип" иш-чарасынын алкагында уюлдук телефон уурдоого шектелип, Жети-Өгүз районунун Липенка айылынын 21-жаштагы тургуну кармалды. Кыз алгачкы суракта эле күнөөсүн мойнуна алып, уюлдук телефондорду кандайча уурдагандыгы жөнүндө көрсөтмөлөрдү берди", — деп айтылат билдирүүдө.

Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 164-беренеси (уурулук) менен кылмыш иши козголду.

Жаңылыктар түрмөгү
0