Ысык-Көлдө россиялык туристтин акчасын уурдады деп 67 жаштагы киши кармалды

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүОпределение поддельных купюр в России
Определение поддельных купюр в России - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуядан эки айдан кийин милиция кызматкерлери акча уурдады деп шек жараткан жаранды кармаган.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Россиядан келген туристтин акчасын уурдаган деп 67 жаштагы жергиликтүү киши кармалды. Бул туурасында Ысык-Көл облустук милициясынан кабарлашты.

Арест по обвинению в вымогательстве и убийстве в Гватемале - Sputnik Кыргызстан
Караколдо дүкөндөрдөн телефон уурдап жүргөн деп 21 жаштагы кыз кармалды
Окуя мындан эки айга мурда, тагыраагы 1-июнда болгон. Сары-Ой айылында жайгашкан "Карвен 4 сезона" эс алуу жайындагы турист, Россиянын 42 жаштагы тургуну П. Наталья арыз менен милицияга кайрылган. Аял эс алып жаткан мезгилде, коттедждин эшигинин ачыгынан пайдаланып, белгисиз бирөөлөр 15 миӊ рубль акчасын уурдап кеткендигин билдирген.

Окуядан эки айдан кийин милиция кызматкерлери акча уурдады деп шек жараткан жаранды кармаган.

"Шектүү Ананьево айылынын 67 жаштагы тургуну, мурда дагы ушундай кылмыш үчүн соттолгон З. Владимир болуп чыгып, күнөөсүн толугу менен мойнуна алды. Далил зат катары, андан 15 миӊ рубль акча каражаты табылды", — деп айтылат милициянын маалыматында.

Буга чейин Sputnik кыргызстанга чет өлкөдөгү эс алуучунун өзгөчө бир окуясы жарыяланган. Анда рак менен ооруган турист анын акчасын уурдап кеткен кишиге кат жазып калтырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0