Ош: мейманканалардын биринен киши колдуу болгон аялдын сөөгү табылды

© Фото / Александр ФедоровОш шаары. Архив
Ош шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шектүү катары Өзбекстандын 23 жаштагы жараны кармалды.

ОШ, 26-июл. — Sputnik. Ош шаарынын Абсамат Масалиев көчөсүндө жайгашкан "Ак-Тилек" мейманканасынын бөлмөлөрүнүн биринен киши колдуу болгон аялдын сөөгү табылды. Бул тууралуу шаардык милициянын маалымат катчысы Замир Сыдыков билдирди.

Ага ылайык, окуя бүгүн, 26-июлда, эртең мененки саат 08.30дар чамасында болгон. 30-35 жаштардагы маркум  денесин карап-текшерүү учурунда кекиртегине сайылган учтуу нерседен каза болгондугу аныкталган.

"Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын криминалдык милиция кызматынын өкүлдөрү кылмышка шектүү катары Өзбекстандын 23 жаштагы жаранын Кадамжай районундагы чек ара посту аркылуу өтүп кетүүгѳ аракет жасап жаткан учурда кармалды. Ал жасаган кылмышын моюнга алып, тиешелүү көрсөтмөлөрдү берүүдө", — деди Сыдыков.

Ал ошондой эле шектүүгө Кылмыш жаза кодексинин 97-беренеси "Адам өлтүрүү" боюнча кылмыш иши козголду.

Жаңылыктар түрмөгү
0