Ош: мейманканалардын биринде киши колдуу болгон аял сойкулук менен алектенген

© AFP / REMY GABALDAПроституция на юго-западе Франции
Проституция на юго-западе Франции - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Колго түшкөн шектүү күнөөсүн мойнуна алды.

ОШ, 27-июл. – Sputnik. Ош шаарындагы "Ак-Тилек" мейманканасынан сөөгү табылган аял буга чейин сойкулук менен алектенип келген. Бул тууралуу укук коргоо органдарындагы ишенимдүү булак билдирди.

Ага ылайык, маркум көп жылдан бери шаардык милицияда сойку катары каттоодо турган.

"32 жаштагы аял Ош шаарында төрөлгөн. Ал рейд учурунда бир нече ирет кармалган. Тирүү кезинде сойкулук менен алектенип, жан багып келген. Окуя болгон күнү Өзбекстандан Ош шаарына келген 23 жаштагы таанышы бир сааттык кызматы үчүн 1000 сом төлөгөн. Бирок 10 мүнөт өткөн соң кетүүгө камданганда, кардары экөөнүн ортосунда пикир келишпестик чыккан. Аял ага карай бөлмөдө турган бычакты шилтегенде колунан жулуп алып, моюн тарапка жана ичке сайып жиберген", — деди агенттиктин маектеши.

Ал ошондой эле колго түшкөн шектүү өз көрсөтмөсүндө күнөөсүн мойнуна алганын кошумчалады.

Эске сала кетсек, 26-июль күнү Ош шаарындагы мейманканадан киши колдуу болгон аялдын сөөгү табылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0