Дзюдочу жана милиционер Нурсултан Сталбек уулу сууга чөгүп каза болду

© Sputnik / Борис Приходько / Медиабанкка өтүүЫсык-көл. Архив
Ысык-көл. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык кечээ түштө Чолпон-Ата шаарындагы пляждардын биринде болгон.

БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Кыргызстандык дзюдочу Нурсултан Сталбек уулу сууга чөгүп каза болду. Бул туурасында КРдин Дзюдо федерациясынын Facebook баракчасында жарыяланды. 

Пост түндө жүктөлгөн.

"Спортчубуз Нурсултан Сталбек уулунун ата-энесине жана жакындарына көңүл айтабыз. Аза кайгыңарды тең бөлүшөбүз. Биз үчүн күтүүсүз кабар", — деп айтылган маалыматта.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги Сталбек уулунун машыктыруучусу Талантбек Дүйшөнбеков менен байланышканда, спортчу Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата аймагында сууга чөккөндүгүн айтты.

Суугу түшүп жаткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Адамдын сууга чөгүп жатканын кантип билсе болот? Куткаруучунун кеңеши
"Нурсултан 1993-жылы Чүйдүн Байтик айылында туулган. Менин колума жаштайынан келген. Дзюдо боюнча чебери, КРдин чемпиону аталган. 2014-жылы жаракатынан улам чоң спорттон алыстап, ИИМдин кайгуул күзөт кызматында иштеп жаткан. Кырсык тууралуу досторунан кечээ түштө уктум. Ал Чолпон-Ата аймагында сууга чөгүптүр", — деди машыктыруучусу.

Ал Нурсултан Сталбек уулу КРдин Дзюдо боюнча курама командасына мүчөсү болгондугун жана Азия чемпионатында VII орунга ээ болгондугун айтты. 

Укук коргоо органдарындагы булактар Нурсултан Сталбек уулу Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын кайгуул күзөт кызматында иштеп жаткандыгын тастыктады.

Учурда ИИМдин коопсуздук кызматы кырсыктын себеби аныктап жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0