Дзюдочу Нурсултан Сталбек уулу эмне себептен сууга чөккөн. Кырсыктын чоо-жайы

Жазылуу
Нурсултан Сталбек уулунун сөөгүн акыркы сапарга эртең, 29-июлда 10:00до Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Байтик айылында узатышат.

БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Сууга чөккөн спортчу Нурсултан Сталбек уулу 25-июль күнү достору менен Бостери айылындагы пансионаттардын бирине эс алганы барган. Бул туурасында Ысык-Көл облустук милициясынын маалымат катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.

Суугу түшүп жаткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Адамдын сууга чөгүп жатканын кантип билсе болот? Куткаруучунун кеңеши
Усубакуновдун айтымында, учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалды, анын жыйынтыгында кырсыкка юридикалык баа берилип, окуя териштирилет.

Буга чейин дзюдо боюнча спорт чебери Нурсултан Сталбек уулу кечээ, 27-июлда Ысык-Көлдө сууга чөгүп кеткендиги кабарланган.

Дзюдочунун машыктыруучусу Талантбек Дүйшөнбеков Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысына окуя кандайча болгонун айтып берди.

"Мага, кечээ достору чалып кабар угузган. Алардын айтымында Нурсултандын тарамышы түйүлүп, сууда сүзө албай калган", — деди Дүйшөнбеков.

Чүй облустук милициясынын маалымат кызматы Сталбек уулу 2016-жылы ИИМдин академиясын аяктап, былтыртан бери кайгуул күзөт кызматында иштеп жатканын билдирди.

Дзюдочу-милиционер Бишкекте жашап жаткан.  Анын сөөгүн акыркы сапарга эртең, 29-июлда 10:00до Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Байтик айылында узатышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0