Оштон Анталияга 89 жүргүнчүсү менен учкан учак авариялык абалда Бишкекке конду

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүСамолет заходит на посадку в аэропорту "Шереметьево"
Самолет заходит на посадку в аэропорту Шереметьево - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учактын ичинде 89 жүргүнчү болгон.

БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. "Манас" эл аралык аэропортуна Ош — Анталия багыты боюнча учкан самолет авариялык абалдан улам Бишкекке конууга аргасыз болду. Бул тууралуу жүргүнчүлөрдүн биринин тууганы Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

"Манас" эл аралык аэропортунун маалымат катчысы Алия Курбанова учак эртең мененки саат 9:00дө конууга аргасыз болгонун тастыктады.

Каттамдарды ишке ашырган "Авиа Траффик Компани" авиакомпаниясы окуя техникалык себептерден улам болгонун белгиледи.

"Азыр жүргүнчүлөр менен сүйлөшүү жүрүп жатат. 89 кишиге тамак берилип, мейманканага жеткирип жатабыз", — деп компаниянын өкүлү билдирди.

Окуя эмнеден улам болгонун компания так айта алган жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0