БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Балыкчы — Бөкөнбаев унаа жолунун 4-чакырымында (Ак-Өлөң айылы) Audi 100 жана "Жигули" үлгүсүндөгү унаалар кагышып бир адам каза болду. Бул туурасында ӨКМден маалымдашты.
Билдирмеге караганда, окуя кечээ, 29-июлда саат 08.40тар чамасында болгон. Кырсыктын кесепетинен 58 жаштагы аял набыт болуп, беш адам жаракат алган.
Жеринде куткаруучулар тартылып жаракат алгандарды унаадан чыгарып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.