Кыргызстанда Ленин чокусунан россиялык альпинистти көчкү басып каза тапты

© Sputnik / Виктор Чернов / Медиабанкка өтүүЛенин чокусу. Архив
Ленин чокусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки спортчу алты күн мурун жоголгон.

БИШКЕК, 3-авг. – Sputnik. Кыргызстандын түштүгүндөгү Ленин чокусунан россиялык альпинист көз жумду. Бул тууралуу Интерфакс жазды.

Бишкектик Семен Дворниченко менен россиялык Наталья Чионова Ленин чокусун багынткандан кийин базага кайтып жатып кар көчкү алдында калышкан. 

Издөө иштерин аткарып жаткан "Азия тоолору" компаниясынын өкүлдөрү спортчулар бир нече күн бою дайынсыз болгонун билдиришти. 

"Дворниченко менен Чионова 28-июлдан бери изделип жаткан. Аялдын сөөгү табылды, ал эми эркек киши дагы деле изделүүдө", — деп компаниядан маалымдашты.

Алар ошондой эле альпинисттердин изин башка топтун мүчөлөрү байкап калып кабар беришкенин кошумчалашты. 

Жаңылыктар түрмөгү
0