Көлдө чөмүлүү. Архивдик сүрөт

Ысык-Көлдө акыркы эки айда 18 киши чөгүп кеткен

109
(жаңыланган 11:21 07.08.2018)
Июнь, июль айларында милиция эл менен 129 жолу жолугушуу уюштурган.

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Ысык-Көл облустук милициясы билдиргендей, июнь айынан бери карай ушул күнгө чейин көлгө 18 киши чөгүп кеткен. Ал эми былтыр жайкы курорт сезону учурунда сууга чөгүп 24 киши көз жумган.

Жайкы туристтик сезон учурунда облустук милиция коомдук тартипти камсыздоо боюнча бардык аракеттерди көрүп жатат. Жыл башынан бери облус аймагындагы дарыялар менен бассейндерге 8 киши чөгүп каза болгон.

"Ысык-Көлгө чөгүп кеткен 18 кишинин бешөө — жашы жете электер. Андан сырткары, каза болгон 5 киши Бишкек шаарынын, 5 киши Ош облусунун, 3 киши Нарындын жана бир киши Жалал-Абад облусунун тургуну болгон", — деп айтылат маалыматта.

Акыркы кезде сууга чөгүп кетүү фактысы көп катталып жаткандыктан Ысык-Көл облустук милициясы эс алуу үчүн башка аймактан келгендер менен жергиликтүү тургундар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Июнь, июль айларында милиция эл менен 129 жолу жолугушуу уюштурган.

Ошондой эле көлдүн жээгиндеги пляждарга 84 маалымат-эскертүүчү баннерлер орнотулган.

109
Белгилер:
милиция, чөгүп кетүү, Ысык-Көл
Тема боюнча
Ысык-Көлдө суучулдар кишилерди атайылап чөктүрүп жатабы? ӨКМдин жообу
Сууга чөккөндөр арбыды. Адам өмүрүнө ким жоопкер да, ким карайт?
Тамакка тоюп алып сүзбөйт! Сууга түшүү учурунда 10 "болбойт"
Будканы сүзгөн айдоочунун унаасы

Бишкек: будканы талкалай сүзүп, күзөтчү менен мушташкан айдоочу кармалды. Сүрөт

814
(жаңыланган 21:19 06.06.2020)
Күзөтчүнүн айтымында, ал киши будканы үч ирет жолтандабасы менен сүзүп, ошол жердеги кызматкер менен урушкан соң жок болгон.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Бишкектин борборунда күзөтчү отурган жайды талкалай сүзгөн айдоочу кармалды. Бул туурасында Sputnik агенттигине Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгынан кабарлашты. 

Внедорожник марки Toyota Land, водитель, которого протаранил будку с охранником в центре Бишкека
© Фото / Пресс-служба УОБДД Чуйской области
Toyota Land Cruiser автоунаасы

Мас болуп алып руль башкарып жүргөн 30 жаштагы жаранды Токмоктон кармашкан.

  • Задержан водитель, протаранивший будку с охранником в центре Бишкека
    Бишкектин борборунда, күзөтчү отурган жайды талкалай сүзгөн айдоочу кармалды.
    © Фото / Пресс-служба УОБДД Чуйской области
  • Внедорожник марки Toyota Land, водитель, которого протаранил будку с охранником в центре Бишкека
    Мас болуп алып руль башкары жүргөн 30 жаштагы жаранды Токмоктон кармашкан.
    © Фото / Пресс-служба УОБДД Чуйской области
  • Внедорожник марки Toyota Land, водитель, которого протаранил будку с охранником в центре Бишкека
    Айдоочунун унаасы
    © Фото / Пресс-служба УОБДД Чуйской области
1 / 3
© Фото / Пресс-служба УОБДД Чуйской области
Бишкектин борборунда, күзөтчү отурган жайды талкалай сүзгөн айдоочу кармалды.
"Милиционердин токтотууга кылган бир нече аракетине баш ийген эмес. Аны кармашкандан кийин автоунаасы менен өзүн тергөөчүгө өткөрүп беришкен. Болжол менен саат 19:50лөрдө кармашты", — деп айтышты маалымат кызматынан.

Алардын алдын ала берген берген маалыматына караганда, мас киши күзөтчү отурган жайды болжол менен саат 17:20ларда талкалай сүзгөн. Окуя Тоголок Молдо көчөсүнүн Токтогул менен Киев көчөлөрүнүн ортосунда болгон.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Короче KG (@koroche_kg)

Күзөтчүнүн айтымында, будканы үч ирет жолтандабас менен сүзүп, андан кийин ошол жердеги кызматкер менен урушкан соң, жок болгон.

814
Белгилер:
күзөтчү, жол тандабас, Бишкек
Тема:
2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар
Тема боюнча
Бишкектеги паркта милиционер асманга ок чыгарды. Окуянын видеосу жана чоо-жайы
Последствия тарана внедорожника марки Toyota Land Cruiser будку охраны в центре Бишкека

Бишкек: Land Cruiser айдаган киши күзөтчүнүн будкасын талкалап, мушташкан видео

342
(жаңыланган 20:30 06.06.2020)
Окуя Тоголок Молдо менен Токтогул көчөлөрүнүн кесилишиндеги чайхананын автоунаа токтотуучу жайында болгон.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Бишкекте жаалданган айдоочу күзөтчү отурган жайды жол тандабасы менен сүзүп талкалап, андан ары күзөтчүгө кол көтөргөн видео тарады.

Аталган учурду "Короче" Телеграм каналынан көрүүгө болот.

Видеодон окуя Тоголок Молдо менен Токтогул көчөлөрүнүн кесилишиндеги чайхананын автоунаа токтотуучу жайында болгонун көрүүгө болот. Анда кара түстөгү Toyota Land Cruiser автоунаасынын айдоочусу күзөтчү менен чырдашып, ал турган жайды жолтандабас менен сүзүп талкалап салган. Андан кийин күзөтчүгө кол көтөргөн.

342
Белгилер:
күзөтчү, мушташ, жол чырак, айдоочу, жол тандабас, Бишкек
Тема:
2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар
Тема боюнча
Бишкектеги паркта милиционер асманга ок чыгарды. Окуянын видеосу жана чоо-жайы
Жалал-Абад: клубда кишини өлтүрө сабады деп шектелип, кикбоксчу изделип жатат