Баткенде Toyota Estima менен трактор кагышып, эки киши каза тапты

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүЖолдогу автоунаа. Архив
Жолдогу автоунаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ӨКМдин куткаруучулары каза болгондордун сөөгүн жана жабыркагандарды Тез жардам кызматына өткөрүп берген.

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Баткен облусунун Кадамжай районунда трактор менен автоунаа кагышып, эки киши көз жумду. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Кырсык 6-август күнү саат 22:00дөр чамасында Ош — Баткен — Исфана унаа жолунун 187-чакырымында болуп, трактор менен Toyota Estima автоунаасы кырсыктаган.

Маалыматта ӨКМдин куткаруучулары каза болгондордун сөөгүн жана жабыркагандарды Тез жардам кызматына өткөрүп бергени айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0