БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Бишкектеги жол кырсыгынын кесепетинен №2 жана 17 каттамдагы троллейбустар ишин токтотту. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Окуя бүгүн, 9-августта таңкы саат 6.20да Анкара көчөсүнүн Кара-Жыгач конушунда болгон. Бишкектин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдиргендей, Toyota Ipsum унаасынын айдоочусу катуу ылдамдыкта келип троллейбусттардын зымы тартылган мамыны сүзүп алган. Жаракат алгандар жок, айдоочу соо болгону айтылат.
Учурда мамы жолдо жатат, унаа тыгыны да жаралды.
Кырсыктын кесепетин жоюу иштери жүрүп жатат, № 17 троллейбус Чүй проспектиси аркылуу каттамга чыкты.