БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Аламүдүн районундагы ГЭС-5 көлмөсүнө 8-август күнү 29 жаштагы эркек киши чөгүп кеткенин ӨКМден маалымдашты.
Маркумдун сөөгү саат 11:00дөр чамасында табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп берилген.
ӨКМдин өкүлдөрү сууга чөгүп кетпөө үчүн кайсы эрежелерди билип алуу керектигин айтып берди.